пятница, 1 января 2016 г.

7- БӨЛҮМ: УРУК БИР ЖАРАТУУЧУ ТАРАБЫНАН ЖАРАТЫЛГАН



Көргөн жоксуңбу, Аллах асмандан суу түшүрдү, ошентип жер жүзү жапжашыл болду. Күмөнсүз, Аллах берешен, баарынан кабардар. (Хаж Сүрөсү, 63)


Бул жерге чейин өсүмдүктөрдүн негизги бөлүгү болгон уруктардын жалпы өзгөчөлүктөрү, уруктуу өсүмдүктөрдүн кантип көбөйөөрү, б.а. уруктарын кантип таратаары жөнүндө сөз кылып, уруктардын ар кандай түрлөрүнөн мисалдар келтирдик. Уруктарда сакталган маалыматтын урматында миллиондогон жылдан бери өсүмдүктөрдүн эч өзгөрбөй топурактан чыгып келе жатышынын маанисине токтолуп, өсүмдүк түрлөрүнүн уруктарда жазылган маалыматтан келип чыгаарын баяндадык.
Бул маалыматтардан уруктарда кемчиликсиз пландалган бир түзүлүш бар деген жыйынтык келип чыгат. Анда, мынчалык кемчиликсиз системалардан турган уруктар кантип пайда болгон?
«Жер жүзүндөгү жандуу жана жансыз нерселердин баары, ааламдагы кемчиликсиз тартип кокустан пайда болгон» деген эволюция теориясы боюнча, өсүмдүктөр менен уруктар да кокустан пайда болушкан. Бирок эволюционист булактарды изилдегенде, уруктардын кантип эволюциялашканы жөнүндө так бир маалымат бере алышпаганын көрөбүз. Бул темадагы кайсы эволюционист китепти карабайлы, баарынан бир катар гипотезаларды, ал гипотезаларга таянып ойдон чыгарылган сценарийлерди, анык бир чечимге келе албаган жыйынтыгы жок теорияларды жана бул негизсиз көз-караштардын негизинде колдо тартылган, чындыкка сыйбаган сүрөттөрдү гана көрөбүз.

Папоротник
Доор: Палеозой эрасы, таш көмүр доору
Жашы: 300 миллион жыл
300 миллион жылдан бери эч өзгөрбөгөн папоротник фоссили (калдыгы) эволюция теориясынын калп экенин дагы бир жолу далилдейт.

Бүгүнкү күндө табылган уруктардын фоссилдерин (калдыктарын) караганыбызда, эволюционисттер үчүн абалдын оор экенине күбө болобуз. Себеби урук фоссилдеринде уруктардын жаратылгандыгын көрсөткөн апачык далилдер бар. Мындан болжол менен 350 миллион жыл мурда (Девон доору деп аталган доордо) табылган урук фоссилдеринде да дал бүгүнкү күндөгүдөй коргоочу сырткы кабык, эмбрион жана азык кампасы бар.57 Бул дагы уруктардын өзгөчө түзүлүшүнүн дал бүгүнкү күндөгүдөй өзгөчөлүктөрү менен миллиондогон жыл мурда да бар болгондугун жана ушул күнгө чейин эч өзгөрбөгөндүгүн, башкача айтканда, «эволюция» деген ойдон чыгарылган бир процесстен өтпөгөндүгүн апачык көрсөтүүдө.
Эволюционист эмгектерден да уруктардын пайда болушу жөнүндөгү туюктардын моюнга алынганын көп эле жолуктурууга болот. Алардын бири төмөнкүдөй:
Уруктардын кантип келип чыкканы жөнүндөгү маалыматтарда көп боштуктар бар. ... чаңча бөлмөсүнүн узундугу жөнүндө, чаңча тамчысынын ролу жөнүндө, урук долбоорунун чоңойушунун кечиктирилиши жөнүндө, ... клетка челинин түзүлүшү жөнүндө изилдөө керек болгон дагы көп нерселер бар.58

Бул сүйлөмдөр бизге апачык бир жыйынтыкты көрсөтүүдө. Жер жүзүндөгү тирүү организмдердин башка өзгөчөлүктөрү сыяктуу эле, өсүмдүктөр менен уруктардын пайда болушу жөнүндө да эволюция теориясы чоң бир туюкта турат. Бул болсо бизге бул организмдердин Аллах тарабынан жаратылгандыгын көрсөтөт. Уруктардын дагы, алардан чыккан өсүмдүктөрдүн дагы бүт механизмдери, комплекстүү системалары жана таң калыштуу өзгөчөлүктөрү алар эң алгач пайда болгондон бери уланып келе жатат. Эволюционисттер колдонгон «акырындап өнүгүү, кокустуктардын натыйжасында өзгөрүүлөр, муктаждыктардын натыйжасында келип чыккан адаптациялар» сыяктуу терминдердин илимий эч бир негизи жок жана толугу менен жараксыз. 

Америка чынарынын уругу
Доор: Кайнозой эрасы, олигоцен доору
Жашы: 37-23 миллион жыл
Бүгүнкү күндөгүсүнөн эч айырмаланбаган 37-23 миллион жылдык Америка чынарынын уругунун фоссили да эволюция теориясынын калп экенин көрсөткөн далилдерден. 
Бук дарагы
Доор: Кайнозой эрасы, эоцен доору
Жашы: 54-37 миллион жыл
Миллиондогон жылдан бери эч өзгөрбөй жашап келе жаткан бук дарактары дарвинисттердин көз-караштарын жокко чыгарып, бир Жаратуучунун бар экенин далилдөөдө.
Булактар:

57- Raven, Evert, Curtis, Biology of Plants, World Publishers, New York, 1976, s.326
58- Seed Biology, s.66

Комментариев нет:

Отправить комментарий