Ал асмандарды
түркүксүз жараткан, муну көрүп турасыңар. Жерде болсо силерди чайпалтпасын деп
чайпалбас тоолорду койду жана ал жерде ар бир жандыкты көбөйтүп жайды. Биз
асмандан суу түшүрдүк, муну менен жерде ар бир сонун жуптан бир өсүмдүк
өстүрдүк. (Локман Сүрөсү, 10)
![]() |
| Кивидеги уруктар көп жана майда болсо, өрүктө бир чоң урук болот. |
Уруктар түзүлүшү
жагынан, мурдакы бөлүмдө да айтылгандай, бир урук кабыгы, азык кампасы жана
эмбриондон турат. Бирок жалпы түзүлүшү окшош болгону менен, ар бир уруктун азык
кампасынын көлөмү, урукту коргоочу кабыктын түрү, калыңдыгы, сыртынан ороп
турган мөмөнүн формасы, мөмөсүнүн даамы бири-биринен абдан айырмаланат. Уруктардын
кабыгынын формасы, түсү, материалынын түрү сыяктуу бүт өзгөчөлүктөрү өсүмдүктүн
жашаган чөйрөсүнө жана түрүнө карап өзгөрөт.
Бул жагынан
караганда бүт уруктар өзүнчө бир жаратуу керемети болуп саналат. Эми
уруктардагы айырмачылыктарга мисал келтирели. Өрүктө бир данек, б.а. бир даана
урук болот жана ал катуу кабыктын ичинде абдан мыкты корголот. Мөмөсү болсо
канттуу жана аны жегенге болот. Бул бөлүгү адамдардан тышкары, канаттуулар,
кемирүүчүлөр, курт-кумурска, чымын-чиркейлер жана башка жаныбарлар үчүн да
мыкты бир азык болуп саналат. Мөмөнүн мындай эки бөлүктөн турушу өсүмдүк үчүн
да жакшы бир мүмкүнчүлүк. Себеби мөмө бөлүгүн жеген соң өрүктүн ортосунан катуу
бир данек, б.а. урук чыгат. Жана урук ыңгайлуу бир жерде өнүп, жаңы бир даракка
айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Дагы бир мисал
катары кивини берели. Киви өрүктөн айырмаланып, ичиндеги данектери (уруктары)
да желе турган бир мөмө. Ошондуктан кивинин бир эмес, көп санда майда уруктары
бар. Кивидеги сыяктуу топ-топ болгон уруктар көбүнчө майда болот, бирок чогуу
жана көп санда болгондуктан, мөмөнүн бир бөлүгүн жешсе дагы, өсүмдүккө айлануу
ыктымалдыгы көбүрөөк болуп саналат.
Кургак мөмөлөр
болсо көбүнчө уруктун корголушунда жана тарашында маанилүү бир роль ойногон
архитектуралык түзүлүштөр менен кооздолгон. Буга мисал катары төө тикендин
төбөсүндөгү чачыны берүүгө болот. Бул кичинекей парашюттар, кийинки бөлүмдөрдө
терең каралгандай, баалуу жүктөрүн (көбөйүү клеткаларын) аба аркылуу алыс
жерлерге жеткирүү кызматын аткарат.
Кургак
мөмөлөрдөн көп уруктуулар уруктарын таратуу үчүн ачылышат. Өнүү учурунда
уруктар бири-бирине жакындап тыгылышат жана бири-бирин жакшылап кысышат. Мындай
мөмөлөр өзүнөн-өзү ачылуучу мөмөлөр деп аталат. Буларда уруктун кабыгы калың
жана бекем болот, себеби эмбрион менен азык кампасын ушул кабык коргойт. Бул
түрдүн уруктарынын түсү, формасы жана тканы ар түрдүү болот жана канаттар,
чачылар, ичке кабыкча сыяктуу ар кандай бөлүктөрдөн турат.
Көп уруктуу
кургак мөмөлөрдүн абдан көп түрү бар. Капсулалар, баштыкчалар, гранулалар ж.б. сыяктуу
мөмө түрлөрү бар. Булардын кээ бир мисалдары төмөнкүлөр:
Montbretia'нын капсуласы жалтырак кызгылт сары
түстөгү үчтөн тоголок уруктары болот. Уруктарын айланага чачуу үчүн шамалдын
аны кыймылдатышын же кандайдыр бир жандыктын ал жерден өтүшүн күтөт.9
Боб (буурчак)
өсүмдүктөрү болсо бүртүктүү мөмөлөрдөн турган абдан кеңири тараган бир өсүмдүк
түрү болуп саналат. Ар бир түрдүн формасы жана өзгөчөлүктөрү ар кандай. Мисалы,
нокоттун бүртүктөрү бир катарга абдан тартиптүү тизилген. Colutea
arborescens болсо ичи абага толуп, шишип турат жана үн чыгарып жарылат. Бул
өсүмдүктөрдүн эң кызыктуусу болсо мимоза өсүмдүгүнүн (Mimosa pigra)
укмуштуу бүртүктөрү (уруктары). Буларда ар бири ичинде бирден урук сактай турган
түкчөлүү тикендерге окшогон формалар пайда болот.10
Булар
өсүмдүктөрдүн уруктарындагы функционалдык түзүлүштөр жөнүндөгү мисалдардын бир
канчасы гана. Ар бир өсүмдүк түрүнүн урук түзүлүшүнүн ар түрдүү болоорун
ойлогонубузда, өсүмдүктөр дүйнөсүндө канчалаган кемчиликсиз түзүлүштөр бар
экенин түшүнөбүз.
Уруктардын тонундагы атайын заттар
Уруктардын
түзүлүшүнөн тышкары, тондору да өз муктаждыктарына ылайык жаратылган.
Уруктун ичиндеги
эмбрион абдан баалуу. Ошондуктан жаңы өсүмдүк толук жетилгенге чейин бул
эмбрион абдан кылдат корголушу керек. Мындай коргоо кызматын уруктардын тондору
аткарат. Уруктун сырткы чөйрөнүн терс таасирлеринен коргонуу деңгээли тонду
түзгөн заттын чыдамкайлыгынан көз-каранды. Ошондой эле, тондун курамындагы
заттар уруктардын суу бетинде тура алышында же шамал менен учушунда да роль
ойнойт.
Уруктардын
сырткы тондорунун абдан көп түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү бар. Кээ бир сырткы
тондор душмандарды качыруу үчүн ачуу бир зат менен оролгон. Кээ бирлери болсо
«танин» аттуу бир затка бай болот; бул зат уруктардын чиришин чектейт. Көп
өсүмдүк түрлөрүнүн уруктарында болсо тондор бир килкилдек зат менен оролгон.
Белоктор менен бириккен комплекстүү канттардан турган бул килкилдек зат суу
тийгенде шишип чыгат. Натыйжада урук нымдуу заттардын бетине оңой эле жабыша
алат. Бул касиети, алдыда каралгандай, өнүү учурунда зор роль ойнойт.11
Уруктардын
коргоочу сырткы кабаттары (тондору) көбүнчө абдан катуу болот. Бул өзгөчөлүк
урукту сырткы факторлордон коргойт. Мисалы, кээ бир уруктардын калыптанышынын акыркы
этабында сырткы беттеринде бекем бир мом сымал зат чогулат, бул уруктарды
суунун жана газдын таасиринен коргойт.12 Уруктардын тондорунун материалы өсүмдүктүн
түрүнө жараша өзгөрөт; фасольдогу сыяктуу ичке бир кабык менен же чиенин
(вишня) данегиндеги сыяктуу жыгач сымал, катуу бир кабык менен оролгон болушу
да мүмкүн. Сууга чыдамкай болушу талап кылынган уруктардын кабыктары башкаларга
салыштырмалуу катуураак жана калыңыраак болот.
Уруктардагы
укмуш тартипке күнүмдүк жашоодо көп кездешкен бир өсүмдүктөн, фасольдон мисал
келтирели: фасоль уругу түрүнө жараша бир же эки тон менен оролгон. Бул тондор
пальтодой болуп урукту сырткы чөйрөнүн суук аба, кургакчылык, механикалык
таасирлер сыяктуу оор шарттарынан коргойт. Бул жер ошол эле учурда сырткы чөйрө
менен болгон бүт зат алмашуулардын ишке ашуу аймагы болуп саналат. Кыскасы,
уруктун чоңоюшунда бул тон маанилүү бир роль ойнойт.
Фасоль уругунун
үзүлүп алынган жеринде сүйрү бир из көрөбүз. Бул уруктун эне өсүмдүккө болгон
байланыш чекити. Жакшылап караганда ал жерде «микропиле» деген кичинекей бир
тешик бар экенин көрөбүз. Бул тешикти аткарган кызматы жагынан наристелердин
киндигине салыштырууга болот. Бул атайын каналдан энелик бездин ичиндеги энелик
клетканы уруктандыруучу түтүкчө кирет. Ошондой эле, учуру келгенде суу бул
тешиктен кирип, уруктун өнүшүнө шарт түзөт.13
Уруктардын
тондорунун калыңдыгы да, жогоруда да айтылгандай, өсүмдүктүн түрүнө жараша
атайын белгиленген. Ар бир өсүмдүктүн уругунун кабыгы өз чөйрөсүндө өнүп
чыгышына мүмкүнчүлүк бере тургандай деңгээлде болот; өтө калың да, өтө ичке да
эмес. Себеби кабыгы абдан калың болгон бир урук бүт оор шарттарда жашай алат;
бирок мунун бир терс тарабы бар: кабыктын ашыкча калың болушу эмбриондун сыртка
чыгышында кээ бир маселелерди жаратышы мүмкүн. Кабыгы жука бир урук болсо
көптөгөн сырткы факторлордон улам бат бузулуп кетиши ыктымал. Ошондуктан бүт
уруктардын кабыгынын калыңдыгы өз чөйрөсүнө эң ылайыктуу жаратылган.
Мындан тышкары,
өсүмдүктөрдүн уруктарынын түзүлүшүн анализ кылганда дагы бир нерсени көрөбүз. Жаныбарлар
аркылуу тараган уруктарда ал жаныбарларды кызыктыруу үчүн уруктардын кабыктары оңой
тешиле турган өзгөчөлүктө болот. Бирок ошол эле учурда бул кабыктар бүт урук
жегичтерди кызыктырбай турган түзүлүштө болушат.14
Бул жерге чейин
айтылгандардан да апачык көрүнүп тургандай, сырткы көрүнүшү жөнөкөйдөй көрүнгөн
уруктардын түзүлүшү негизи абдан пландуу болот. Бүт уруктардын ичиндеги
заттардын өлчөмү, курамы, коргоочу кабыктары сыяктуу өзгөчөлүктөрү
айлана-чөйрөсүнө жана климат шарттарына жараша ар кандай болууда. Мынчалык
түрдүү түрдүү өзгөчөлүктөр кантип пайда болгон?
Бул суроонун
жообун эволюция теориясын жактаган китептерден издегенде, кызыктуу бир нерсени
байкайбыз. Эволюционисттер «эмне үчүн?», «кантип?» деген сыяктуу суроолорго
жооп берүүнүн ордуна, бүдөмүк сөздөрдү, көз бойомой ыкмаларды колдонушат.
Уруктардын кабыктары жөнүндө Evolution аттуу эволюционист бир китепте
жазылган сөздөрдү карайлы.
Уруктун кабыгы ар
кандай жаныбарлардын азуу тиштерине, ичеги кислоталарына жана ферменттерге,
кычкылтексиз атмосферага чыдай турганчалык бекем болот. Ошондой эле, бул урук
кабыгы керек учурда өнгөнгө ылайыктуу шарттар түзүлгөнгө чейин эмбрионду
абадан, туура эмес өнүшүнө алып келе турган себептерден жана урук жечү
жаныбарлардан коргошу үчүн эволюциялык жактан дизайн кылынган.15
Көңүл бурулган
болсо, бул жерде уруктардын кемчиликсиз түзүлүшүндөгү таң калыштуу
өзгөчөлүктөрдүн кээ бирлери саналып өткөн соң, аягында «эволюциялык дизайн»
деген сөз колдонулуп, уруктарды эволюция аркылуу пайда болгон деп көрсөтүүгө
аракет кылынууда. Бирок, албетте, бул абзац «уруктар кантип пайда болгон» деген
суроого жооп берүүдөн абдан алыс. Себеби бул жерде негизи уруктардагы
кемчиликсиз план жөнүндө сөз болууда. Аягына кошуп коюлган «эволюциялык жактан
дизайн кылынган» деген сүйлөмдүн болсо чындыгында эч кандай мааниси жок.
Ошондой эле, бул
сүйлөмдүн өзүнүн ичинде да карама-каршылыктар бар. Себеби «эволюция» менен
«дизайн» түшүнүктөрү бири-бирине толугу менен карама-каршы түшүнүктөр, жана
эволюция бир дизайнды пайда кылып, бир нерсенин долбоорун түзө албайт. Анткени
эволюция кокустуктарга таянган бир процессти жактайт; «дизайн», б.а. «долбоор»
түшүнүгү болсо анын артында бир акыл бар деген мааниге келет. Ошондуктан бир
жерде бир дизайн бар болсо, бул эволюция, кокустук сыяктуу түшүнүктөрдүн ага эч
бир таасири жок экенин көрсөтөт. Жаныбарлардагы жана бул китепте каралып жаткан
уруктардагы түзүлүштөр дагы алардын эволюциянын эмес, улуу бир акылдын
чыгармасы экендигинин апачык далили.
Муну жакшыраак
түшүнүү үчүн төмөнкүдөй бир мисал карайлы. Бир күнү бир сүрөт галереясына
барып, ал жерде салондун бүт тарабына асылган уруктардын сүрөттөрүн көрдүңүз
дейли. Ар бир сүрөттө ар кайсы өсүмдүктүн уругунун сүрөтү тартылган болсун.
Галереянын ээсинен бул түрдүү түрдүү сүрөттөрдү ким тарткан деп сурадыңыз
дейли. Эгер ал киши сизге «бул сүрөттөрдүн бир сүрөтчүсү жок, булар
кокустуктардын натыйжасында эволюциялык жактан дизайн кылынган» десе кандай
ойго келмексиз? Албетте, бул жооптун абдан логикасыз жана акылга сыйбай
турганын түшүнүп, буларды тарткан сөзсүз бир сүрөтчү бар деп талашмаксыз.
Жансыз урук
сүрөттөрүнүн эволюция тарабынан дизайн кылынганына ишене албаган сыяктуу эле,
демек толугу менен жандуу түзүлүштөгү, ичинде бир өсүмдүккө тиешелүү бүт
маалыматтарды камтыган, ылайыктуу шартта өнүп чоң дарактарды, жүз миңдеген
түрдүү мөмөнү, гүлдү пайда кылган уруктарды аң-сезимсиз кокустуктардын пайда
кылганына да ишене албайсыз. Көрүнүп тургандай, бул жерде негизи бул дизайнды
ким жасаган, кантип жасаган, өсүмдүк бул дизайнга кантип алып келинген жана бул
маалыматтар кантип киргизилген деген сыяктуу суроолорго жооп берүү керек.
Жыйынтыктасак,
уруктардын түзүлүшүндө эволюционисттердин кокустук көз-карашы эч түшүндүрө
албай турган апачык бир план бар. Албетте, бул план аң-сезимсиз кокустуктардын
натыйжасында же башка кандайдыр бир себеп менен пайда болгон эмес. Ар бир
сүрөттүн бир сүрөтчүсү болгон сыяктуу, уруктарды да чексиз акылдын жана улуу
кудуреттин ээси Аллах жараткан. Өсүмдүктөрдөгү түзүлүштөрдүн ар бир баскычында
көрүнүп турган бул акыл алардын улуу кудуреттүү Аллах тарабынан
жаратылгандыгынын апачык бир далили.
![]() |
| Бул уруктардын баары Аллахтын кемчиликсиз долбоорунун чыгармаларынан. |
Силер үчүн асмандан
сууну Ал түшүрөт; андан ичесиңер, айбандарыңарды оттоткон чөп-дарактар ошонон
(өсөт). Аны менен силер үчүн эгин, зайтун, курма бактары, жүзүмдөр жана
мөмөлөрдүн ар кандай түрүнөн өстүрөт. Күмөнсүз, мында ойлоно алган бир коом
үчүн аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 10-11)
![]() |
| Бул кереметтүү уруктардын баары Аллах тарабынан өзгөчө долбоор менен жаратылган. |
Уруктардын ар
кандай чоңдукта болушунун маанилүү себептери бар
Ар бир
өсүмдүктүн уругу ар кандай чоңдукта болот. Мисалы, суу аркылуу узун жол жүргөн
кокостор эң чоң уруктардын катарына кирет. Бул чоңдук кокосторго узун сапарына
жете турганчалык азык топтоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Орхидеялардын
уругу болсо абдан кичинекей болот. Орхидеялар топурак, күндүн нуру жана
нымдуулук алар үчүн толук ыңгайлуу болгон шарттарда гана өсө алчу, назик
өсүмдүктөр. Ошондуктан орхидеялар шамал менен оңой учушу үчүн майда жана эң
ыңгайлуу жерге тарашы үчүн көп санда урук алышат. Бир орхидея гүлү миллиондогон
урук чыгара алат.16 Көрүнүп тургандай, уруктардын чоңдугу дагы
өсүмдүктөрдөгү башка өзгөчөлүктөр сыяктуу бир план менен белгиленген.
Сүрөттөгү бук
дарагынын уруктары күздүн аягына жакын тарайт жана айланада учуп башташат.
Көлөмү 0,5 см болгон бул кичинекей уруктар каерде күндүн нуру жетиштүү болсо,
ошол жерде чоңоюшат.
Тропикалык
токойлордо абдан чоң көлөмдүү уруктар жетилет. Сүрөттө көрсөтүлгөн Mommay
булардын бири. Mommay уруктарынын чоңдугу көбүнчө 5 см болот. Бул уруктардын
өзгөчөлүгү тамырлары оңой өсүп кургак жерлерде өнүшүнө шарт түзөт. Бул болсо
уруктун кургакчылыктан куурап калуу рискин азайтат.17
Ал асмандан суу
түшүрөт. Муну менен бүт нерсенин өсүмдүгүн өстүрөт, андан көгөргөн
өсүмдүктөрдү, алардан болсо тизилген дандарды чыгаруудабыз. Жана курма
дарагынын бүчүрүнөн да жерге самсаалаган бутакчалар, - бири-бирине окшогон жана
окшобогон – жүзүмдөрдөн, зайтундан жана анардан бакчалар (кылуудабыз).
Мөмөсүнө, түшүм бергенде жана жетилгенде бир карап көргүлө. Эч күмөнсүз, ыйман
келтире турган бир коом үчүн мында чындыгында аяттар бар. (Энъам Сүрөсү, 99)
Булактар:
10- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.32-33)
11- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.24
12- Plantwatching, s.44
13- Françoise Brenckmann Grains de Vie, Le Monde Merveilleux Des Graines, s.17
14- Mark Ridley, Evolution, Oxford University Press, 1997, s.293
15- Mark Ridley, Evolution, Oxford University Press, 1997, s.293
16- Harry J. Fuller, The Plant World, s.48-51





















Комментариев нет:
Отправить комментарий